«Манас» аэропорту штаттык режимде иштей баштады

Дата: 16:08, 23-01-2020.

Бишкек. 23 - январь. КирТАГ - «Манас» Эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин коюу тумандан улам рейстер кармалып жатканы айтылган. Учурда кармалган каттамдар учуп баштады. Биргана Бишкек-Москва рейси кечки саат 23:00 учмай болду.

Аэропорт ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Поделиться новостью: