Мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары үчүн семинар өттү

Дата: 15:08, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Бишкек шаарында «Аткаруу бийлик органдарынын басма сөз кызматтарынын натыйжалуу өз-ара аракеттешүүсү. Басма сөз кызматынын ишинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн артыкчылыктуу программаларына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык актуалдуу аспаптарды жана ыкманы пайдалануу» темасындагы семинар өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Семинардын ачылышына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты.

«Тигил, же бул мамлекеттик органдын иши жалпыга маалымдоо каражаттарында объективдүү чагылдырылып, жарандарга бурмалоосуз жеткирилиши шарт. Басма сөз катчылар журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн келип түшкөн актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерге ыкчам маалымат бериши абдан маанилүү», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы БУУ Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Кейко Изуши белгилегендей, Өнөктөштүк жана натыйжалуу коммуникациялар Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө маанилүү фактор катары кызмат кылат.

Окуу кесипкөйлүктү жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыяло жөнүндө» Жарлыгын натыйжалуу ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Семинардын негизги милдети катары мамлекеттик агенттиктердин калкка тейлөө көрсөтүүсүн натыйжалуу ыкмалар менен алга жылдырууга үйрөтүү, өнөктөштөр менен аракеттешүүнүн тартибин жана ийгиликтүү натыйжаларды тартуулоо, басма сөз кызматынын ишиндеги ар-кыл инструменттерди пайдалана билүүгө окутуу болуп саналат. Семинар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппараты тарабынан БУУ Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын колдоосунда уюштурулган.

Поделиться новостью: