Мамлекеттик аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра уюштурууну жүргүзүп жатат

Дата: 11:10, 21-11-2019.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра уюштурууну жүргүзүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (ММТМ) мамлекеттик аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) кайра уюштурууну, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 27-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүп жатат.

Реформа облустук жана райондук гезит редакцияларынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоосун эске алуу менен жүрүп жатат.
Учурда көбүнчө райондук гезиттер бир айда бир-эки жолу жарыкка чыгып, нускасынын көлөмү бир миң же андан аз нусканы түзгөндүктөн, райондун калкын толук маалымат менен камсыз кыла албай келет. Ошону менен бирге, жергиликтүү калк телеберүү, радио жана мобилдик интернет колдонгондуктан, мезгилдүү басылмага суроо-талап жок болуп келет. Жыйынтыгында аймактык мезгилдүү басылмалардын көпчүлүгү аймактагы жергиликтүү калкка саясий жана социалдык экономикалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маалыматтарын жеткирүүдө таасирдүү куралдын милдетин аткара албай калды.

Бүгүнкү күндө чарбалык эсептеги (хозрасчет) гезиттердин редакцияларынан башка бир дагы райондук гезит өзүн- өзү актай албай жыйынтыгында аларды камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланууда. Бул аракет мамлекеттик аймактык ЖМКларды реформалоо боюнча кескин чараларга баруу керектигин далилдеди.

Кайра уюштуруу алкагында, өлкөдө облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмдары, облустук жана райондук гезиттер бириктирилип, алардын базасында 7 облустук медиа-борбор түзүлүп, жалпы 110 штаттык бирдик кыскарат. Ошол эле учурда, түзүлгөн медиа-борборлордун кызматкерлеринин маянасы 15% га көтөрүлөт.
Жаңыдан кайры уюшулуп жаткан бардык облустук медиа-борбордо телекөрсөтүү, гезит, web-сайт, он-лайн берүү жана пресс-борбор платформалары камтылып, республикадагы 40 районду жана райондук маанидеги ири шаарларды камтыйт. Ар бир райондо эки кабарчы караштырылып, алар заманбап журналистиканын жаңы усулдары боюнча окутуудан өтүшөт

Поделиться новостью: