Маминспекциянын чиновниктерине кылмыш иши козголду

Дата: 11:23, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Башкы прокуратура Мамлекеттик экотехникалык инспекциянын экологиялык жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн жоооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.

Маалыматк караганда, кылмыш иши 304-берене «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 315 «Документ жасоо» беренелери боюнча козголгон.

Экотехинспекциясынын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып «А.Э». ЖЧКнын кызыкчылыгына документ жасап берген. Жыйынтыгында аталган фирма эч кандай сынаксыз эле Бишкек ТЭЦтеги кооптуу жолдорду
оңдогон.

Кылмыш иши тергөө органдарына өткөрүлүп берген.

Поделиться новостью: