Мамэкотехинспекцияынын басма сөз катчысы Мамбеталиева ишине кайтат

Дата: 15:06, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ – Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын мурунку басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева кызматына кайтарылды.


Анара Мамбеталиева   19-октябрда өз кызматына кайтып, иштеп жатат. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасына жарыялап, башкармалыктын директорунун Жолдош Жунушевдин жарлыгынын көчүрмөсүн жайгаштырды.

Эске салсак, маалымат катчы Анара Мамбеталиев жетекчисинин кабылдамасында туруп пикетке чыккандыгы үчүн кызматынан алынган болчу. Башкармалыктагы коррупциялык иштерди коопсуздук кеңеши иликтеп чыгып, агенттикте коррупциялык иштер болгонун айткан.


Поделиться новостью: