Өмүрбекова: Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок

Дата: 13:45, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө өлкө аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова штаб коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон чараларды кабыл алып жатканын айтты. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок.

Кытай Эл Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин маалыматы боюнча, 18-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Япониядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги «Diamond Princess» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурду деп айтылып жаткан мекендештер менен байланыш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Элчилик Япониянын Тышкы иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери менен байланышты туруктуу жүргүзүүдө.

Япониянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны дагы инфекцияны жуктурушу ыктымал деген маалымат биздин мекендешибиз менен кеменин бир бөлмөсүндө чогуу болгон жарандан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу чыгышы мүмкүн.  Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Бейтап туруктуу кароого алынды. Ал дагы өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы Кытай эл Республикасынын коронавирустун жайылышына каршы аракеттенүүсүнө жардамдашуу максатында гуманитардык жардам жөнөтүлгөнү айтылды. Жүк негизинен кытай тараптын өтүнүчүнүн негизинде (антисептик жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу каражаттар) түзүлдү.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганын билдирди. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогору дем алуу жолдорунун үлгүлөрү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалганын, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Изилдөөлөр үчүн зарыл нерселердин баары бар, лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Вирусту аныктоо үчүн кошумча экспресс тесттер алынууда.

Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 413 орун даярдалган: Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 183, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт.

Поделиться новостью: