М. Абылгазиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты

Дата: 13:41, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Транспорт жана жолдор министр Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда курулуш долбоорунун үчүнчү фазасы - узундугу 69,7 км Эпкин-Башкууганды (89,5 км – 159,2 км) участогу, БААЭК 1 жана БААЭК 3 транспорттук коридорлорунун ортосун бириктирүү жолу долбоору ишке ашырылууда. Ишти 2022-жылга карата аяктоо пландаштырылган.

Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын баса көрсөттү.

«Жол-курулуш иштерин тездетип, курулушту өз убагында, сапаттуу жана толук көлөмдө аяктоо зарыл», - деди Премьер-министр.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде долбоордук участоктун 159,2-чакырымында долбоордук тилкени тазалоо, өсүмдүк өскөн топурактуу катмарын жана жараксыз материалдардан арылтуу иштери башталган.

Бүгүнкү күнү 159,2-чакырымдан 142 км чейин бактар кыркылды. Ошондой эле 150,9-чакырымдан 151,2 жана 157 км чейин бактар кыркылып бүткөн жерлерде жараксыз материалдарды тазалоо уланууда.

Мындан тышкары 157,3-чакырымда жол бетин казып алуу жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Поделиться новостью: