Лондондогу банктар аралык кечки фиксингдин жыйынтыгында алтын арзандады

Дата: 11:34, 06-11-2019.

Бишкек. 06-ноябрь. КирТАГ –  Алтындын бирдиктүү кабыл алынган баасы Лондондогу банктар аралык фиксингдердин эрте мененки жыйынтыгы боюнча 1488,95 долларды түздү.

Шаршемби күнкү фиксиңгдерге алтындын унцийи  15,65ке арзандады. 

Алтындын унцийи евро менен 1344,67 (-7,51), британ фунту менен болсо 1156,17 (-10,2) түзгөн.

Банктар аралык фиксингде алтын күн сайын Гривинчин убактысы боюнча саат 10.30 жана 15.00 саттыкка чыгат. Фиксингдин жыйынтыгы дүйнөлүк алтын соода жүгүртүүдө колдонулат. Алтындын баасын белгилөөгө алтын жеткирүүчү 5 каржы институт катышат.

Поделиться новостью: