Лондондо банктар аралык фиксингдердин жыйынтыгында алтындын баасы кымбаттады

Дата: 09:53, 13-08-2019.

Бишкек. 8 -август. КирТАГ – Алтындын бирдиктүү кабыл алынган баасы Лондондогу банктар аралык фиксингдердин эрте мененки жыйынтыгы боюнча  1504,7 долларды түздү.

Шейшемби күнкү фиксиңгдерге алтындын унцийи  2,75ке жогорулады.

Алтындын унцийи евро менен  1341,74 (-1,9), британ фунту менен болсо 1243,63 (-1,19)түзгөн.

Банктар аралык фиксингде алтын күн сайын Гривинчин убактысы боюнча саат 10.30 жана 15.00 саттыкка чыгат. Фиксингдин жыйынтыгы дүйнөлүк алтын соода жүгүртүүдө колдонулат. Алтындын баасын белгилөөгө алтын жеткирүүчү 5 каржы институт катышат.

Поделиться новостью: