Өлкөнүн эл аралык аба каттамын өркүндөтүүгө багытталган «Ачык асман» долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Дата: 16:49, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ – Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечи депутаттардын бири Абдывахаб Нурбаев баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесине ылайык, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү агымын жана жүк агымын жогорулатуу жана Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын жана «аба эркиндигинин бешинчи даражасын» бир тараптуу жарыялоо жана колдонуу аркылуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба маршруттарынын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында даярдалган.

Кыргызстанда «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу жарандык авиацияны бекемдейт, өзгөртүлгөн жана жеткиликтүү авиабилеттерге жана жүк ташууларга калктын жана бизнестин өсүп бараткан муктаждыгын канааттандырат, авиапаркты жашартуунун эсебинен учуулардын коопсуздугунун жогорку деңгээлин камсыз кылат, аэропортторду жана аэронавигация тутумдарын өркүндөтүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Талкууда эл өкүлдөрү аба эркиндигинин бешинчи даражасы кандай тартипте, ким тарабынан берилерин такташты. Ошону менен катар мыйзам долбоору Өкмөт менен депутаттар тобу тарабынан даярдалгандыгы белгилүү болду.

Депутат Улукбек Ормонов баяндамачылар билдиргендей, бул мыйзам долбоору ички каттамдарга тиешеси жоктугун, авиабилеттердин баасына таасир этпеши мүмкүндүгүн айтты. “Бир тараптуу ачык асман саясатына каршымын, эки тараптуу болсо бир жөн”,- дейт ал.

Мындай пикирге демилгечи катары баяндама жасаган депутат абдывахаб Нурбаев макул эмес. Бир катар талаш-тартыштардын жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы

Поделиться новостью: