Кытайдын Фошань шаары Ош шаарына жардам көрсөттү

Дата: 16:12, 08-04-2020.

Бишкек.8-апрель. КирТАГ – Кытайдын Фошань шаары Ош шаарына жардам көрсөттү.

Ош шаары менен боордош алакадагы Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарынына медициналык гумманитардык жардам келди. Фошань шаары 30 миң даан беткап, 100 медициналык атайын форма жана дене табын өлчөөчү 100 даана инфракызыл термометрлерди жөнөткөн. Ош шаарынын мэриясы келген жардамдарды тиешелүү кызматтарга бөлүп берет.

Ош шаарынын мэриясы боордоштук алакадагы Сиань жана Шицзячжуан шаарларынын жетекчилери менен да сүйлөшүү иштерин жүргүзүүдө.

Поделиться новостью: