Кытайдан келген контрабандалык жүк кармалды
Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. Мамлекеттик чегара кызматы Кытайдан алынып келинген контрабандалык жүктү кармады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
«Чүй облусунун Түндүк-Чыгыш чегара бекетинен Кытайдан эч кандай документи жок эле алынып келген 315 даана «LGA» телевизор кармалды», - деп айтылат маалыматта.
Аталган товарлар кыргыз-кытай чегарасынан мыйзамсыз айланма жолдор аркылуу өткөн.
Учурда кармалган товардын суммасы жана бажы төлөмдөрү такталып жатат.