Кыргызстандын ТИМи коронавирусу боюнча эскертүү берди

Дата: 17:20, 23-01-2020.

Бишкек. 23- январь. КирТАГ – Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайга каттаган кыргызстандыктарга ал жакта эл көп чогулган жерлерге баруудан, чийки тамак-аш, деңиз азыктарын жегенден алыс болууга чакырды.

Бул тууралуу башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Учурда дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткан коронавирустун жаңы тибинен сак болууга жана мүмкүн болсо Кытайга барбай турууга кеңеш берди.

Андан сырткары, бир нече сунуш-эскертүүлөр айтылды.

-мүмкүн болушунча эл көп чогулган жерлерге барбаш керек;
-колдон келсе Кытайдын коронавирустун жаңы тибинин очогу болгон аймактарынан алыс болуу зарыл;
-мүмкүн болушунча коргонуучу бет каптарды кийип жүрүү керек;
-чийки азыктарды жана малдын толук куурулбаган (бышырылбаган) этин, сүт жана деңиз азыктарынан баш тартуу;
-кайнатылбаган сууну ичпөө;
-колду жана жашылча-жемиштерди жакшылап таза жуу зарыл дешти.

Эске салсак, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныктаган.

Поделиться новостью: