Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Дата: 09:04, 10-05-2018.

Бишкек. 10 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кечээ кечке маал саат16:41де Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 4 баллга, Ош шаарында жана республиканын чек арага жакынкы аймактарында жер титиреген.Силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жер титирөөнүн очогу Афганистан Республикасына туура келген.

Поделиться новостью: