Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрөт

Дата: 09:27, 19-12-2018.

Бишкек. 19 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Бүгүн мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрөт.

Белгилей кетсек, бул Жээнбековдун президент катары алгачкы расмий жыйыны болуп саналат.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, маалымат жыйынга катышуу үчүн өлкөнүн жана чет элдик маалымат каражаттарынан 179 журналист каттоодон өткөн.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков, президенттик кызматка расмий түрдө 2017-жыл 24-ноябрда киришкен.



Поделиться новостью: