Кыргызстандын парламенти 80 жылдыгын жупуну өткөрөт

Дата: 13:11, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ - Мунара Бромбаева. Кыргызстандын парламенти 80 жылдыгын белгилейт. Спикердин айтымында бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында юбилейин жупуну өткөрөт

««Ала-Арча» резинденциясында 21-декабрда Жогорку Кеңештин 80-жылдыгы белгиленет. Иш-чарага Жогорку Кеңештин азыркы жана мурунку депутаттары, экс-спикерлер, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана парламентаризмдин өнүгүүсүнө салымын кошкон коомдук-саясий ишмерлер катышат. Юбилей илимий-практикалык форматта өтөт», - деди Жумабеков.

Кыргызстан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы  1936-жылы СССР курамындагы 15 союздук республиканын бири болуп калган. 1937-жылкы Конституциясына ылайык, кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын 1938-жылдын 18-июлунан тарта 1994-жылга чейин тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССР Жогорку Совети аткарган. 1936-жылы Кыргызстан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – СССР курамындагы 15 союздук республиканын бири болуп калган. 1937-жылкы Конституциясына ылайык, кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын 1938-жылдын 18-июлунан тарта 1994-жылга чейин тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССР Жогорку Совети аткарган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 1995-жылдын февралында I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо өткөн.

Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти1995 - 2000-жылдар аралыгында  Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны иштеп, алардын депутаттары бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланган.

Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин 2000 - 2005-жылдар аралыгында жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган.

2003-жылдагы конституциялык реформа менен 2005-жылы бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы белгиленген.  

Сунуш кылынган Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин жаңы курамын партиялык тизмелер боюнча шайлоону карап, сандык курамы 90 депутаттан турган. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешке шайланган саясий партиялар Өкмөттү түзүүгө укук алган.

Жогорку Кенеш 2007-жылдын 23-октябрында мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

2007-жылдын 16-декабрында болгон шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган..

2010-жылдагы апрель окуяларынын натыйжасында IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин токтоткон.
Кыргызстанда 2010-жылдын апрелинде болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин мамлекеттик бийлик алмашып, коомдук-саясий абал өзгөргөн.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланышы менен Кыргызстандын азыркы тарыхында жаңы барак ачылган. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкө болуп калды.

29 саясий партия катышкан 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун натыйжалары боюнча 5 саясий партия жеңип чыккан

2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен.




Поделиться новостью: