Кыргызстандын НАТОдогу өкүлү дайындалды

Дата: 13:13, 16-09-2019.

Бишкек. 16 - сентябрь. КирТАГ – Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк Атлантика келишим уюмундагы Туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы жана Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдагы (ХКТУ) Туруктуу өкүлү Джумалиев Муктар Кабылбекович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Люксембург Улуу Герцогдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Поделиться новостью: