Кыргызстандын кийим тигүү тармагынын Өзбекстанга ооп кетүү коркунучу бар – Соцфонд

Дата: 16:12, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  Кыргызстандын текстиль жана кийим тигүү тармагында көптөгөн жарандар иштейт, алар жумушсуз калуусу мүмкүн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында КР Социалдык фондусунун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, такталбаган маалыматтар боюнча, Кыргызстандын текстиль тармагында 200 миң адам эмгектенет.

«Өзбекстанда кийим тигүү тармагына жеңилдиктер берилди, биздин бул тармак  Өзбекстанга кетип калат деген шек бар. Биздин коңшулардын баары социалдык төлөмдөрдүн тарифтик саясатын өзгөрттү.  Бүгүнкү күндө жумушчу топ тариф саясатын кайра карап чыгууда. Аймактардагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп алардын пикирин уктук. Сентябрда аны алып чыгабыз», - дейт М.Ирсалиев.

Поделиться новостью: