Кыргызстандыктар 20 - август күнү эс алат
Бишкек. 15 - августь. 2018-жылдын 20-августу республикада эс алуу күнү катары жарыяланды. Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул чечим 2018-жылы эс алуу жана жумуш эмес күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максаттарында кабыл алынды.
Мындан улам Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, беш күндүк иш жумасы менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которулсун. Беш күндүк иш жумалагы менен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которуу сунушталсын.