Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтчү Олимпиадага катышуу үчүн алгачкы лицензияны утуп алды

Дата: 08:55, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –    Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы лицензияны алды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Билдирмеде, Петрашов Түштүк Кореяда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча мелдеште 100 метр аралыкты бир мүнөт 0,94 секундада багындырганы айтылат. Суучул бешинчи бөлүктө сүзүп, 87 спортчунун ичинен биринчи келген. Жалпы эсепте 28-орунду ээлеген. Олимпиаданын лицензиясын алуу үчүн спортчулар 1 мүнөт 1,73 секунд ичинде сүзүп келиши керек болгон.

Муну менен Петрашов Кыргызстандын курама командасынын ичинен алгачкылардан болуп Токиодо өтө турчу Олимпиадага катышуу үчүн уруксат алды.

Сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты ушул тапта Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жатат. Мелдеш 12-июлда башталган, эми 28-июлда жыйынтыкталмакчы.

Поделиться новостью: