Кыргызстанда жер силкинди

Дата: 11:02, 13-08-2019.

Бишкек. 13 – август. КирТАГ – Кыргызстандын түштүгүндө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен маалымдады.

Сейсмологдордун маалыматына караганда, жер силкинүү 12-август саат 23:14 чамасында болгон. Эпиборбору Ош облусуна туура келген.

Ничке-Сай, Зергер, Тосой, Кыргызстан, Жийде, Кайрат, Ак-Терек айылындарында силкинүүнүн күчү 6 балл,  Салам-Алик, Ор-Казган, Ара-Көл, Эркин-Тоо, Красный-Маяк, Жылалды, Мырзаке  айылдарында 5 балл, Ош, Жалал-Абадда 3 баллга чейин жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Поделиться новостью: