Кыргызстанда жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат

Дата: 09:29, 13-08-2019.

Бишкек. 13 – август. КирТАГ – Кыргызстанда жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.

«Министрдин буюругу менен 2019-2020-жылдардын окуу планына ылайык жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-сентябрь билим күнү болуп, жекшембиге туура келет. Дүйшөмдү 2-сентябрда мектептер ачылат. Сабактар бекитилген жадыбал менен 3-сентябрдан башталат.

Поделиться новостью: