Кыргызстанда шейшемби күнү күн жылуу болот

Дата: 09:04, 01-11-2016.


Бишкек. 1-ноябрь. КирТАГ – 1-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарды жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +14+19ºС,Талас +13+18ºС, Баткенде +15+20ºС, Жалал-Абад жана Ош облусунда +15+20ºС, Нарында +5+10ºС, Ысык-Көл облусунда +9+14ºС.

Бишкекте 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус, күндүз 17...19 градус болот.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.Абанын температурасы түнкүсүн 4...6 градус, күндүз 17...19 градус болот.

Поделиться новостью: