Кыргызстанда үшүк жүрөт

Дата: 13:52, 13-09-2019.

Бишкек. 13-сентябрь. КирТАГ – Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

15-16-сентябрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарыноблустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Поделиться новостью: