Кыргызстанда серепчилер инсандык капиталды өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Дата: 15:37, 22-11-2019.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ –Билим берүү министри Каныбек Исаков Борбор Азиядагы Америка университетинде өткөн “Көндүмдөргө өзгөрүп жаткан талаптар – билим берүү системасы үчүн чакырык” аттуу конференцияга катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын уюштурулуп, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өткөрүлдү.

Министр өз сөзүндө тездик менен өнүгүп жаткан технология биздин жашообузду өзгөртүп жатканына токтолуп, бул өз кезегинде эмгек рыногунун мүнөзүн да өзгөртүүгө алып барат деди.

“Божомолдорго караганда көптөгөн адистиктер жоголот. Бүгүн биз билбеген жаңы кесиптер пайда болот. Статистикага ылайык, Кыргызстанда билим берүүнүн аймагы жана анын деңгээли жогору. Бирок биз жалгыз эле билим алгандыгы тууралуу диплом эмгек базарына жетиштүү белги бербей жатканына туш болуудабыз. Бизге дипломдун артында технологияларды башкаруу, маселени чечүү, критикалык ой жүгүртүү, иш билги жана башка жөндөмдөрдү берген белгилер керек. Өмүр бою бир кесиптин ээси болуп, бир компанияда иштеген убакыттар өтүп жатат. Азыр кайсы мезгилде болбосун түрдүү тармакта компетенттүү иштөө үчүн дайыма билим алууга даяр болушубуз керек”, -деди Каныбек Исаков.

Ал инновацияны жайылтуу арышы дүйнө жүзү боюнча тездей турганын кошумчалап, ошондуктан адам капиталы үчүн негизги болгон билим берүү жана саламаттыкты сактоого инвестиция салууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

“Негизги аракет адам капиталын өнүктүрүү, ага инвестиция салууга багытталышы керек. Ал натыйжалуу болуусу үчүн мектеп жашына чейинки курактагы балдардан баштоо зарыл. Бул үчүн көп жумуштар аткарылышы керектигин билебиз жана бул иштерди кантип аткаруу керекти боюнча көз карашыбыз бар”, - дейт министр.

Конференцияга эмгек базары боюнча эксперттер, билим берүү тармагында адистер, жумуш берүүчүлөр жана Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.

 

Поделиться новостью: