Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны акыркы 7 жылда 27%га өскөн

Дата: 10:51, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны  акыркы 7 жылда 27%га көбөйгөн. Бул тууралуу өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу" Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө Макулдашуунун бекитүү жөнүндө "токтом долбоорунун негиздемесинде айтылат.

Маалыматка караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 2011-жылы 142,4 кишини түзгөн. Ал эми 2018-жылдын январь  айындагы эсептөө алардын санын 181,4 жеткенин, 27,4 %  өскөнүн көрсөткөн.

Кыргызстанда жашаган 181,4 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жалып калктын 3 %ын түзөт. Алардан 113,9 миң киши жөлөк пул алат. Майыптуулук боюнча 67,5 кишиге жөлөк пул берилет. Алардын 29,9 (16,5 %) миңин балдар түзөт.

.


Поделиться новостью: