Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбар жана куштардын саны көбөйүп жатат

Дата: 13:47, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбар жана куштардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

«Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарлар жана куштардын саны көбөйүүдө. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Алатай» паркына орнотулган фотокапкандагы жаңы сүрөттөр муну тастыктап турат», - деп айтылат маалыматта.

««Алатай» паркынын аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Ал жерден кызыл китептеги жапайы жаныбарлардан ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюууну көрүүгө болот.  Мындан тышкары омуркалуу жаныбарлардын 200дөн ашык түрү, сут эмүүчүлөрдүн 30 түрү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн 260тан ашык түрү бар. Өсүмдүктөрдүн 14 түрү дары чөптөр болуп саналат», - деп белгилейт башкармалык.
  




Поделиться новостью: