Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныктал

Дата: 15:17, 24-03-2020.

Бишкек. 24 - март. КирТАГ – Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Жалпысынан оорулуулардын саны 42ге жетти. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).


Мындан сырткары, ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыккан (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).

Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы Республикалык  инфекциялык клиникалык ооруканада, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында, Ноокат аймактык ооруканасында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жана Баткен облустук бириккен ооруканасында жатат.



Поделиться новостью: