Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 280 кишиге жетти
Дата: 11:07, 09-04-2020.
Бишкек. 9 - апрель. КирТАГ - Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 280 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
9-апрелдеги маалымат боюнча дагы 10 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын бирөөсү Бишкекте, бирөөсү Ош облусунда, үчөөсү Ошто, бешөөсү Жалал-Абадда катталган.