Кыргызстанда көмүр кымбаттады

Дата: 11:11, 22-11-2019.

Бишкек. 22 - ноябрь. КирТАГ – Кыргызстанда көмүр 3,1%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ноябрь айында көмүрдүн тоннасы140,16 сомго кымбаттаган.

Акыркы жумадагы маалымат боюнча Кара-Сууда көмүрдүн тоннасы 8 485,28 сом,Ноокатта 7 343,00 сом жана Баткен шаарында 7 285,79 сомдон сатылып жатат. Ал эми эң арзан Чаекте  тоннасы 2 500 сом, Балыкчыда 3 694,59 сом, Нарында (3 741,66 сомдо сатылууда.

Токтогулда көмүрдүн тоннасы 921,05 сомдон сатылып, 20,5%га Покровка 500 сом же болбосо 12,5%га кымбаттаган. Ошондой эле Баткенде көмүр 714,21 сомдон сатылып, 8,9%га арзандаган.

Поделиться новостью: