Кыргызстанда ишемби күнү кар жаайт

Дата: 17:12, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын көпчүлүк аймагында ишемби күнү кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка караганда, 12 - 16 январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын кээ бир райондоруна туман түшөт.

13-14 январда күн ачык болот.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с жетет.

16-январь күнү республика боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, карга айланат. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.


Поделиться новостью: