Кыргызстанда долларизациянын депозиттик базасынын көрсөткүчү 66% дан 44%га түштү

Дата: 15:43, 15-02-2019.

Бишкек. 15 - февраль. КирТАГ - Кыргызстанда долларизациянын депозиттик  базасынын көрсөткүчү 66% дан 44%га түштү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2015-жылы банктын кредиттик портфелиндеги долларизациянын көрсөткүчү 55% дан 38%га түшкөн. Ал эми депозиттик базадагы долларизациянын денгээли болсо 66% дан 44%га түшкөн. Тактап айтканда кыргызстандыктар сом менен көбүрөөк насыя алып акчаларын улуттук валюта менен сактап жатат дегенди түшүндүрөт.

«Долларизация акырындык менен төмөндөй берет, бул чындык », — деп жооп берген Улуттук банктын төрагасы  Толкунбек Абдыгулов Economist.kg. порталына берген интервьюсунда.

Поделиться новостью: