Кыргызстанда дагы 5 кишиден коронавирус табылды
Дата: 09:03, 02-04-2020.
Бишкек. 2 - апрель. КирТАГ - Кыргызстанда дагы 5 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, эки киши тыштан жуктуруп келген, 3 кишиге болсо байланыштардан улам жуккан.
«Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2 кишиден коронавирус аныкталды», - деди Мамбетов.
Мунун менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 116 кишиге жетти.