Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Вирусту жуктургандар 270 кишиге жетти

Дата: 10:40, 08-04-2020.

Бишкек. 8 - апрель. КирТАГ –Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпысынан COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ке жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Вирус жуктуруп алгандардын ичинде 13 медицина кызматкери бар. Жалпы 42 кишинин 16сы эркек болсо, 26сы аял кишилер. Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда 5 учур катталган.





Поделиться новостью: