Кыргызстанда дагы 4 киши коронавирус жуктуруп алды

Дата: 13:02, 01-04-2020.

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ - Кыргызстанда дагы 4 киши коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан бейтаптардын саны 111ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифингде билдирди.

Коронавирус жуктуруп алгандар бирөөсү Жалал-Абад, бирөөсү Сузак, дагы бири Каракол жана бир жаран Чүй облсунун  тургундары. Вирус жуктуруп алгандардын бирөөсү Россиядан келгендиги айтылууда.  

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу районуна, Жалал-Абад облусуна коменданттык саат киргизилген.

Поделиться новостью: