Кыргызстанда бою узун балдар Нарын облусунда чоңоюда

Дата: 13:11, 24-05-2019.

Бишкек. 24 - май. КирТАГ  –    Нарын облусунда балдардын бойлорунун кыска экендиги катталган. Бул туурасында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-кызматы билдирди.  

«Нарын облусунда 2014-жылдан 2018-жылга чейин USAID уюмунун ишке киргизилген “SPRING” долбоорунун жыйынтыгында беш жашка чейинки балдар арасындагы кыска бойлук 65%га азайган. Бул туурасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн 2019-жылдын 17-майында алынып чыккан корутундусунда белгилүү болду», - деп белгиленет элчиликтин пресс-кызматынын билдирүүсүндө.

«SPRING» долбоору АКШнын өкмөтү тарабынан USAID аркылуу каржыланып ишке ашырылган. Ал эне менен баланын төрөттөн кийинки 1000 күнүнө басым жасоо менен тамактануусун жакшыртуу үчүн иштелип чыккан. Ал жалпы Нарын облусу жана Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда ишке ашырылган.

Эксперттер белгилегендей, бойдун кыска бойлуулугунан тышкары башка дагы жетишкендиктери бар. SPRING долбоору иштеген баардык райондордо эмчек эмизүү 29%дан 63%га чейин өскөн. Аялдар арасында азыктануунун түрдүүлүгү 35%дан  70%га чейин жогорулаган.

Поделиться новостью: