Кыргызстанда акыркы сегиз айда керектөөчү баалар 1,2%га төмөндөгөн

Дата: 13:18, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстанда акыркы сегиз айда керектөөчү баалар (товар жана кызматтардын орточо баасы) 1,2%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Экономикалык статистика башкармалыгынын жетекчиси Эльвира Исенкулова маалымат жыйында билдирди.

«Январь-август айлары аралыгында керектөөчү баалар (дефляция) 1,2%га төмөндөгөн . Керектөөчү сектордогу инфляция болсо 2017-жылдын январь-август айларында 1,5%ды түзгөн», - деди ал.

Исенкулованын айтымында керектөөчү баалар Нарын облусун кошпогондо республика боюнча төмөндөгөн. Нарында баалар 1,8%га кымбаттаган. Ош облусунда болсо өзгөрүүсүз калган.


Поделиться новостью: