Кыргызстанда 30дан ашык медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Дата: 10:44, 08-04-2020.

Бишкек. 8 - апрель. КирТАГ –Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти.

Бүгүнкү күнү республика боюнча 42 жаңы учур аныкталды, жалпы 270 учур ырасталган.

Белгиленгендей, коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер уланууда. Инфекция чыккан жерлерди дезинфекциялоо боюнча күчөтүлгөн иштер уланууда.

Штабдын жыйынында коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина кызматкерлерин жетишсиз камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күнү 30дан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Дагы бир ирет кайталап кетсем, ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Бул биринчи кезекте дарыгерлерге жана башка медицина кызматчыларына, ошондой эле бир катар кызматтардын өкүлдөрүнө тийиштүү. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле белгилегендей, жер-жерлерде өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар болбоого тийиш, алардын иши токтобошу керек. Бул жаатта жергиликтүү бийлик органдарына маселени тактоо тапшырылды.

Ички иштер министрлигине калктын жана унаалардын кыймылын тартипке келтирүү, үйдөн тышкары чыгууларды болушунча азайтуу тапшырылды.

Айрым жарандар техникалардын бузуктугуна байланыштуу талаа иштерин жүргүзүүнүн мүмкүн эместигине нааразы болушуп, тетиктерди сатып алуу зарылдыгын билдиришкенине байланыштуу Чүй облусунун Токмок шаарында жана Сокулук районунда айыл чарба техникаларына тетиктерди сатып алуу түйүндөрү уюштурулду. Аймактарда жергиликтүү бийлик органдарына зарылдыгына жараша бул маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Медицина мекемелерин жасалма дем алдыруучу жабдуулар менен кошумча камсыздоо боюнча маселелер иштелип чыгууда.

Поделиться новостью: