Кыргызстанда 13 килограммдан ашык банги зат кармалды

Дата: 09:43, 13-08-2019.

Бишкек. 13 август. КирТАГ – Кыргызстанда 13 килограммдан ашык банги зат кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.

Маалыматка караганда, ИИМдин банги затка каршы күрөшүү кызматы атайын операциясынын негизинде ири көлөмдөгү банги зат кармалган.

Героиндин жалпы салмагы 13 кг 530гр түзгөн.

Аталган факт боюнча сот иштери башталды.

Поделиться новостью: