Кыргызстанда «112- Кыргызстан» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты

Дата: 09:50, 22-03-2019.

Бишкек. 22 март. КирТАГ – Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги «112- Кыргызстан» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул туурасында аталган мекеменин пресс-кызматы билдирет.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында КР ӨКМи «112 - Кыргызстан» мобилдик тиркемеси аркылуу ыкчам кызматтарды чакырууда бирдиктүү байланышты уюштурат. Аталган мобилдик тиркеме тартип бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга, элдин жошоосуна, ден-соолугуна кооптуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда калктын активдүү болуусун максаттайт.

«112 - Кыргызстан» мобилдик тиркемеси колдонуучуларга өзгөчө кырдаал боюнча билдирүүнү сүрөт, видео жана аудио материалдар менен бирге жиберүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле колдонуучу калктын жашоосуна коркунуч болгон учурда жана биринчи жардам керек учурда ыкчам маалымат алат.

Белгилей кетүүчү жагдай, тиркеме Android базасындагы гаджеттер үчүн жеткиликтүү, iOS базасы үчүн гаджеттерде AppStore администраторлору тарабынан текшерүүдөн өтүүдө.

Поделиться новостью: