Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Дата: 08:23, 19-12-2018.

Бишкек. 19 - декабрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Документтерге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан  Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, каратин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Поделиться новостью: