Кыргызстан жана Чехиянын Тышкы иштер министрлери кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады
Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Германияда Кыргызстандын Чыңгыз Айдарбеков 17-февраль күнү Чехиянын Тышкы иштер министри Томаш Петржичек менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.
Маалыматка караганда, тараптар коопсуздук боюнча Мюнхен коференциясынын алкагында жолуккан.
Жолугушууда тараптар кыргыз-чеш кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкууга алды.
«Дипломаттар экономикалык кызматташтыктын маанилүүгүн белгиледи. Чехиянын соода жана өндүрүш министринин Кыргызстанга сапарын уюштуруу менен бирдиктүү кыргыз-чех бизнес-форумун өткөрүү жана Чехия парламентарийлеринин визити талкууланды», - деп айтылат маалыматта.