Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды

Дата: 12:26, 21-11-2019.

Бишкек. 21 - ноябрь. КирТАГ –Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды. Бул тууралуу ТИМ маалымдады

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тийешелүү чечим 2019-жылдын 20-ноябрында Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Учурдагы сессиянын ишине КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган КР делегациясы катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин койгон Азиялык-Тынчокеандык регионундагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан экинчи орунду ээлегендигин белгилеп кетүү зарыл. Добуш берүүгө катышкан 180 өлкөнүн ичинен 157 өлкө Кыргыз Республикасы үчүн өз добуштарын беришти.

Шайлоо кампаниясынын алкагында КР делегациясы тарабынан расмий сый-тамак уюштурулуп, ага ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары менен өкүлдөрү катышты. Ошондой эле «Устат-Шакирт» фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти жана КРнын ЮНЕСКОнун алкагындагы ишмердүүлүгү жөнүндө сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Поделиться новостью: