Кыргызстан парламентинин спикери Дастан Жумабеков экс-президент Атамбаевдин сынына жооп кайтарды

Дата: 10:00, 20-03-2019.

Бишкек. 20 - март. КирТАГ –   Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сынына жооп кайтарды. Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйнынында сөз сүйлөп, Атамбаевдин башкаруусундагы жылдарда коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирди.

Дастанбек Жумабеков Атамбаев өлкөнү башкарып турган жылдары парламентке кысым сезилип турганын жана өзүнүн кемчиликтерин парламентке оодаруу аракети болгонун белгиледи.

“Кыргыз элин карызга батырган бул - парламент эмес. Чет элден келген гранттарды, кредиттерди өөнөп жеген бул - парламент эмес. Бийликти ашыкча пайдаланып, өзүнүн оппоненттерине ар түрдүү кылмыш ишин токуп, куугунтуктаган бул - парламент эмес”,-деди Жумабеков.

Ошондой эле парламент төрагасы экс-президенттин айткан сындары саясий маданиятка жатпай турганын белгиледи.

“Экс-президент катары саясий маданиятка эле эмес, жөнөкөй адамдык сапатка жатпаган эмоциалуу сөзүңүздү биз коррупцияга шектелип айыпталып жаткан жакын адамдарыңызды актоо аракети деп баалайбыз”-деп Жумабеков кошумчалады.

Буга чейин 17-мартта Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү боюнча митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентти орой сөз сынга алган.

Поделиться новостью: