Кыргызстан менен Орусиянын жаш лидерлеринин форуму Бишкек менен Чолпон-Атада өтөт

Дата: 12:53, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –  Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форуму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Форум 25-27-июлда Бишкекте болуп, 30-июлга чейин Чолпон-Атада уланат. Аталган иш-чара Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиги менен Россиянын Жаштар иши федералдык агенттиги тарабынан өткөрүлмөкчү.

Форумдун иши төрт бөлүктөн турат:
Жаш ишкерчилик: мыкты тажрыйба жана кызматташуунун багыттары;
Аймактарды өнүктүрүүдө айыл жаштарынын ролу;
Жаштар арасындагы өтө популярдуу туризм формаларын өнүктүрүүгө жардам берүү;
Эл аралык кызматташууда ыктыярчылыктын эффективдүүлүгүн арттыруу.

Аталган иш-чарага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун да катыша турганы айтылууда. Андан сырткары, бир катар аткаминерлердин да келүүсү каралып жатат. Форумдун жүрүшүндө Россия президенти Владимир Путиндин куттуктоосу да окулат.

Форумдун катышуучуларына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлөт. Андан сырткары, Кырчын жайлоосу менен "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсия болот.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Россиянын жылдарын эки мамлекетте өткөрүү боюнча иш аракеттердин планы иштелип чыгат.

Поделиться новостью: