Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Дата: 15:12, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ –Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Короновирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстан Кытайга  гуманитардык жардам жөнөттү.  Жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар,жеке коргоочу медициналык краажаттар). Жалпысынан  7 тонна тегерегиндеги жүк. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды белгиленген жерге, тагыраагы айткандай “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин   жеткирилди.

Поделиться новостью: