Кыргызстан ДССУнун ЕРБ тарабынан кызылча оорусунан эркин өлкө деп таанылды

Дата: 17:01, 20-11-2019.

Бишкек. 20 - ноябрь. КирТАГ – Кыргызстан ДССУнун ЕРБ тарабынан кызылча оорусунан эркин өлкө деп таанылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо миртстрлиги билдирди.

2019-жылдын 19-ноябрында КР Саламаттык сактоо министрлигинде  саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КР кеңсе башчысы Назира Артыкова жана ДССУнун Европалык регионалдык бюросунун " Вакцина жана иммундаштыруу аркылуу алдын алууга боло турган оорулар” программасынын  жетекчиси  доктор Сидхарта Датта менен жолушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар вакциналоо жолу менен жугуштуу оорулардын  алдын алуу  маселелерин, , иммунизациялоо маалыматтык системасын иштеп чыгып, бүгүнкү күндө, ДССУ жана Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) техникалык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан электрондук саламаттык сактоонун  бирдиктүү маалыматтык системасына  интеграциялоону талкуулашты.

Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигине ДССУ ЕРБнын Кыргызстан кызылча оорусунан эркин өлкө катары таанылгандыгын тастыктоочу сертификаты тапшырылды.

Жолугушууда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик каражаттары жана ВИГАнын бардык түрдөгү жардамынын биргелешкен инвестицияларынын аркасында, жүргүзүлүп жаткан  вакциналоо жолу менен оорунун алдын алуулардын натыйжасында, республикада полиомиелит, кургак учук  менингити, жаңы төрөлгөн ымыркайлар сенеги  , 1 жашка чейинки балдар арасында вирустук гепатит "В" каттала элек,  17 жылдан ашык убакыттан бери  Кыргыз Республикасы полиомиелитти жеңген мамлекет статусун сактап келет, көк жөтөл жана эпидпаротит оорулары төмөндөдү. 2015, 2017-жылдары КР Өкмөтүнүн, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ДССУнун Европалык региондук бюросунун жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасында кызылча оорусунун чыгышы  чектелген.

"Иммундаштыруунун натыйжасында балдардын жана ымыркайлардын өлүмүнүн санын төмөндөтүүгө жетиштик – бул биргелешкен аракеттердин, анын ичинде Иммундаштыруу программасынын жыйынтыгы. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги иммундаштыруунун жалпы эле  саламаттык сактоо тармагындагы айкын баалуулугун жана олуттуу пайдасын баалоо менен, коомдук саламаттык сактоодогу артыкчылыктуу программалардын бири деп эсептейт ", - деп белгиледи Космосбек Чолпонбаев жолугушуунун жүрүшүндө.

Поделиться новостью: