Кыргыз тилин билгендерге жогорку окуу жайларга кирүүдө артыкчылык берилет

Дата: 11:48, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ – Мамлекеттик тилди билгендерге жогорку окуу жайларга кирүүдө артыкчылык берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.

Билим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуренттерди тандоо жоболору өзгөргөнүн, жогорку окуу жайларга кирүүдө мамлекеттик тилди билгендерге артыкчылык берилетургандыгын билдирет.

Өкмөттүн 2018-жылдын 11-июндагы №279 токтомуна ылайык «Кыргызтест»тен жетиштүү балл алган абитуренттердин гранттык орундарга өтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Кыргыз тили боюнча тестти каалоочулар тапшырат, милдеттүү эмес.

Үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта каалоочулар Кыргызтесттин сайтына кирип, кыргыз тили боюнча билимин текшерип көрсө болот.


Поделиться новостью: