Кыргыз-казак чек арасында 90дон ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат

Дата: 10:28, 20-03-2019.

Бишкек. 20 - март. КирТАГ –   Кыргыз-казак чек арасында 90дон ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш жана ММК боюнча бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик чек ара кызматынын тастыктаганына караганда, 2019-жылдын 19-мартында кечки саат 20:00дөн тарта «Ак-Тилек-автодорожный» Кыргыз-казак чек арасындагы бир өткөрмө пунктта жүк унаалары узун кезекте турат.

Маалыматка ылайык, кезек кечээ кечки саат 20:00дө пайда боло баштаган. Ал кезек Казакстандын чек арачыларынын унааларды узак убакыт текшерип жатканы менен байланыштуу болууда. Казакстан тарап 1 саатта 4-5 унаадан өткөрүүдө.

Бүгүнкү эртең мененки саат 09:00гө карата "Ак-Тилек - унаа жолу" пунктунда 90го жакын жүк ташуучу унаа кезекте турган.

"Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрмө пункттарында узун кезектеги унаалар байкалбайт. Кыргызстан тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөө жок", - деп айтылат маалыматта.

Поделиться новостью: