Кыргыз-казак чек арасынан 2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Дата: 17:15, 13-09-2019.

Бишкек. 13-сентябрь.  КирТАГ – Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Чалдовар автожолу” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан 2 тонна күйүүчү майдын мыйзамсыз алып өтүлүшүнө бөгөт койду. Бул тууралуу мамлекеттик чегара кызматы билдирди.

Алсак, автобустун жүк салуучу жерине кошумча бекитилген бак менен мунайзатты алып өтүүгө аракет кылган, Setra маркасындагы автобустун айдоочусу кармалды. Белгиленген ченемдерге ылайык, машинанын багындагы күйүүчү майды эске албаганда, жеке адамга жеке пайдалануу үчүн 20 литрден көп эмес күйүүчү майларды транспорт менен алып өтүүгө уруксат берилет.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Поделиться новостью: